Жаңылыктар / 06.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1075

Кадыр-баркпы же каражатпы? Бир мандаттуу шайлоодо кимдер, кандай ыкма менен ат салышат? Бир мандаттуу аймактардын талапкерлеринин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат.

Кендирди кескен кымбатчылык! Бышыкчылыкка карабай өлкө базарларында айрым азык-түлүктөр кымбаттай баштады. Бул сапар себеби эмнеде?

Жаны окуу жылы башталарына саналуу күндөр калды, бирок мектептерде китеп жетишпейт. Кээ бир класстын окуучуларына эски, тытылган окуу куралы тийсе, айрымдары китепти ижарага алууга мажбур болушат.

Беш күн, беш түн айтылса да түгөнбөгөн Манас эпосу! Манасчы Дөөлөт Сыдыков буга чейинки рекордун жаңылап, 100 сааттан ашык токтобой манас айтты.