Жаңылыктар / 06.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1007

Кара-Кече көмүр кенине тартылган УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы бөлүгүнүн куралчан аскерлери касса жана тараза турган жерге жайгаштырылды. Бул көрүнүштөн улам коомчулукта аталган кенде криминалдын таасири күчөп кеттиби деген кооптонуулар пайда болууда.

Аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу бир сутка ичинде Бишкек шаарында эле электр энегиясын колдонуу пландык көрсөткүчтөн 2 миллион киловатт-саатка ашып түштү. Учурда жалпы керектөө 8 миллион киловатт-саатка жетип жатыптыр.

Өлкөнүн бир канча аймагында үшүк жүрөт. Ал арада дыйкандардын кээ бири түшүмүн дагы деле жыйнап жетише элек. Учурда Бишкектин четинде жер иштеткендер жер-жемишин сактап калуунун аракетин көрүүдө.

Жалпы кыргыз элине кубаныч тартуулаган жеңиш! Балбан Айсулуу Тыныбекова дагы бир жолу дүйнө чемпиону болсо, дагы бир спортчу Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды.