Жаңылыктар / 06.11.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1787

Жогорку Кеңештин имаратын тегерете курчап турган темир тосмолор алына баштады. Негизги максат — эл өкүлдөрүнүн элге жакын болуусу экен.

Ички иштер министринин биринчи орун басарынын иниси тууралуу айтылгандар боюнча териштирүү жүрүүдө. Ош шаарынын тургуну аны аткаминердин тууганы коркутуп-үркүтүп жатканы тууралуу айтып чыккан.

Чекесинен кертилген өлкө бюджети. “Дастан” ишканасына таандык мекеменин жетекчиси 700 миң долларды чөнтөгүнө салып алган факты аныкталды.

«Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу». Эки күн катары менен Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.