Жаңылыктар / 06.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1350

Токмок шаардык милициясында иштеген тергөөчү 17 жаштагы практикант кызды кабинетине киргизип алып, ыдык көрсөткөнү айтылууда. Студент прокуратурага кайрылган.

Асманга ок атып, шаар тургундарынын үшүн алган айдоочу үйүнө кое берилди. Милиционерлер бейбашка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен гана чектелишет экен.

5 баланын энеси кредиттин айынан бөйрөгүн сатканы жатат. Жалгыз бой келин 30 миң доллар насыя алып, аны төлөй албай калганы үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болгон.

Бир жылда 3 жетекчи дайындалган мекеме. Көркөм өнөр музейине жаңы келген директор расмий түрдө ишке киришти.