Жаңылыктар / 07.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

449

Ош базарында кайрадан өрт чыкты. Кырсык катталган жерге 5 бригада тартылып, жалын 5 саат дегенде өчүрүлдү.

Коррупционер Насырбек Алмаматовдун жазасын жеңилдетип, аны эркиндикке кое берген судьялар «сөгүш» менен гана кутулуп кетмей болушту. Ал арада соцтармактарда тартип комиссиясына нааразылыктар күчөй баштады.

Жергиликтүү шайлоого жакын айрым шаарлардын калкы кескин өсө баштады. Өнөктүк өтө турган калааларга башка аймактардан келип убактылуу каттоого тургандар көбөйдү.

Күндүн жылышы жаңы конуштардын тургундарын түйшүккө салууда. Жашоочулар ылай жолдордо баткакка белчесинен батып жатканын айтып нааразы.