Жаңылыктар / 07.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

661

Энергетика тармагында 2 жетекчи кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Экөө тең бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгымдаган деп шектелишүүдө.

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча аткаминерлер бири-бирин күнөөлөгөнгө өтүштү. Депутаттык комиссиянын отуруму жетекчилердин кайым айтышуусу менен коштолду.

Айыл-чарбаны өнүктүрүүгө алынып жаткан кредиттердин көпчүлүгү тармакка жумшалбай жатабы? Бул маселе Жогорку Кеңеште кызуу талашты жаратты.

Жоктон бар, бардан жок кылган көз боочулар! 2 күндөн кийин Бишкекте дүйнөнүн алдыңкы иллюзионисттери бир сахнада чогулушат.