Жаңылыктар​ / 07.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

877

Баткендеги «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы модернизацияланат. Президент Садыр Жапаров кечээ Баткендеги аталган стратегиялык объектти көрүүгө барып, бир топ тапшырмаларды берип келди

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркагандардын 56сы үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми Улуттук хирургия борборундагы бейтаптардын ичинен экөөнүн абалы оор болсо, бирөөнүн абалы өтө оор бойдон калууда.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кадамжайдагы дамба жырылып, 1,5 миң жергиликтүү тургун эвакуацияланды. Өлкөнүн түштүгүндө бир топ аймактарда сел жүрүп, бир катар чарбалык объектилер зыянга учурады.

Өлкөдөгү эпид.кырдаалга карабастан быйыл «Өлбөс полк» акциясы өткөрүлөт. Бирок анын форматы өзгөртүлгөндүктөн, санитардык шарттар бузулбайт.