Жаңылыктар / 07.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

764

Максим Бакиев Англияда жашап жаткан үйүн кайсы каражатка сатып алган? Башкы прокуратура анын Улуу Британиядагы мүлкүнө байланыштуу маселени териштире баштайт.

Чет өлкөдөн мыйзамсыз жүк ташып келген унааларга айып пулдун өлчөмү жогорулайт. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилүүдө.

Бишкекте кайрадан кыз ала качуу аракети болду. Кылмышка шектүү жарандар кармалып, кылмыш иши козголду.

Бул жолу чет элдик адистер кошулган жок. Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөктү алмаштыруу боюнча өз алдынча жасалган операция ийгиликтүү аяктады.