Жаңылыктар / 07.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

571

Айрым министрлер аймактарга барып кайсы бир талапкер үчүн үгүт жүргүзүп жатышат. Парламент жер-жерлерде шайлоого байланыштуу болуп жаткан окуяларга үн катышы керек, дешет депутаттар.
«Русгидро» компаниясы Кыргызстан менен соттошууга камынууда. Ал эми маселени жөнгө салууга милдеттеме алган чехиялык инвесторлор азырынча каражатты толук которуша элек.
Оң рулдуу автоунаа ээлери кайрадан тынчсыздана баштады. Жол сакчылары мындай машиналар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну эки жыл эрте киргизүүнү көздөп жатышат. 2018-жылдан тарта оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташып акча табууга болбойт.
Дүйнөнү велосипед менен багынтып жаткан саякатчы Бишкекке жетти. Миңдеген чакырымдарды эки дөңгөлөк үстүндө басып өткөн армениялык турист Кыргызстандыктардын сый урматын көрүүдө.