Жаңылыктар / 07.09.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

531

Кылмышка шектүү деп айыпталып жаткан бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов чет өлкөгө чыгып кеткенби же өлкөдөбү? Чек ара кызматы экс-жетекчи тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

Ошто 6 айлык баласы менен төртунчу кабаттан секирген келинди мындай абалга ким жеткирди? Милиция бул кырсыкты «өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен каттады.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында казакстандык көк-бөрүчүлөрдүн Өзбекстандан жеңилип калышында саясат барбы? Кыргызстандык улакчылар бул атайы жасалган нерсе деп эсептешүүдө.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен эски көйгөйлөр күчөп жатат. Быйыл окуучулардын саны дагы осуп — олко боюнча дагы 600дой мектеп куруу зарыл, дешет адистер.