Жаңылыктар / 07.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1202

Кычыраган кышта кантебиз? Жарандар кампаларда көмүр жок экенин айтып нааразы болушууда. Бул өз кезегинде баанын асман чапчышына алып келүүдө дешет. Эмнеге кара отун карьерлерден ташылбай жатат?

Депутаттын мандатын кайра артка чакыртып алуу институту бар, бирок анын иштөө механизми азырынча жок. Жаңы талап боюнча кайсы учурда эл өкүлү мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылат?

Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу боюнча иштин алкагында укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Дагы 4 кызматкер камакта кармалууда.

Чөнтөгү жука мугалимдер менен ак халатчандар! Алар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышып, ипотеканын пайызын төмөндөтүүнү талап кылышты.