Жаңылыктар / 07.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1095

Күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жок болгон аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо зарыл. Жогорку Кеңеш өкмөттү катуу сынга алып, тиешелүү жетекчилер кыламык жааган карга туруштук бералбай жатат деген баа беришти.

Борбор калаада көмүрдүн баасын себепсиз кымбаттаткандар аныкталса, чара көрүлөт. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү мекеме рейд жүргүзөрүн айтты. Ал арада көмүр базарларында кара отундун тоннасына 700-800 сомго чейин кошулганы маалым болду.

Көмүрдүн кымбатташы менен Бишкек ТЭЦинде жаккандан кийинки калган кара отунга болгон суроо-талап күч алды. Көмүр кесектерин элеп сатып, үй-бүлөсүн баккандар аба-ырайынын суугуна карабай суу кечишүүдө.

Биз жашагыбыз келет! Онкологиялык ооруга чалдыккан адамдар депутаттарга кайрылуу үчүн Жогорку Кеңештин алдында акция уюштурушту.