Жаңылыктар / 07.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1164

Чүйдө 16 жашар кызды зордуктады делген жарандын үй-бүлөсүн айылдан көчүрүү чечими кабыл алынды. 31 жаштагы шектүү №1 тергөө абагына 2 айга камалды.

Ысык-Ата шайлоо округу боюнча эң көп добуш алган талапкер Акбокон Таштанбеков камакка алынды. Анын мандаты эми эмне болот, аталган аймакта кайра шайлоо өткөрүлөбү?

Дыйкан-фермерлерди 3 жылга жер салыгынан бошотуудан өлкө бюджети 1 миллиард сомго жакын каражат жоготот. Айыл өкмөттөрү киреше булагынан ажырайбызбы деп тынчсызданууда.

Бишкекте ротвейлердин таландысында калган бөбөктүн ата-энеси милицияга кайрылды. Жергиликтүү тургундар кабанак иттен кутулуу үчүн кол топтоп жатышат.