Жаңылыктар / 08.02.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

497

Күч түзүмдөрү уюшкан кылмыштуу топторду калкалап, бийликте кол тийбестер пайда болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде сот жана укук коргоо тармактарынын ишин кескин сындады.

Тажикстан “Кулунду” жана «Кайрагач” өткөрмө бекеттерин жаап, каттамдарды бир тараптуу токтотту. Буга мектеп окуучулары ары-бери өткөн көпүрө негиз болгону айтылууда.

Айлана-чөйрөнү коргоо үчүн желим баштыктарга тыюу салуу сунушу кайрадан көтөрүлдү. Демилге бул сапар ишке ашабы?

Түштүк Кореядагы Олимпиада шаарчасында Кыргызстандын желеги көтөрүлдү. Расмий ачылган 23-кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 2 спортчу катышууда.