Жаңылыктар / 08.05.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

755

Бишкектеги дагы бир ири соода комплексинде өрт чыкты. Кырсык электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыкканы айтылууда.

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга тиешеси бар деп эсептелген жетекчилердин тизмеси узарууда. Парламенттик комиссия жыйынтыктоочу отурумун өткөрдү.

Жогорку кызматтагылар кош жарандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылабы? Парламент сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Кагазы саргайса дагы, мазмуну көөнөрбөс кол жазмалар! Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунан жазылган 200дөн ашуун кат Борбордук архивде сакталып турат.