Жаңылыктар / 08.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1311

Таласта экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бошотулушун талап кылган митинг өттү. Дасыккан юристтер, белгилүү саясатчылар мурдагы депутатка козголгон кылмыш ишинин келечеги жок экенин айтышууда.

Сугат суунун тартыштыгы супсунду суутууда. Өкмөт үйүнүн жанында Чүй областынын дыйкандары чогулуп, тез арада маселенин чечилишин талап кылышты.

Сырттан келген мал жандыктар үчүн алынуучу 12 пайыздык кошумча нарк салыгы жокко чыгарылышы мүмкүн. Айыл чарба министрлигинин демилгеси фермерлер тарабынан кандай кабыл алынууда?

Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондор көбөйдү. Алты ай ичинде 39 киши сууга агып кеткен.