Жаңылыктар / 08.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

678

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райым Матраимов чектен чыгып кетти. Депутаттар аткаминээрден шайлоого аралашпай, өз кызматын аткарууну талап кылышты.

Кыргызстандын «Центеррадагы» акциясынын азайышына жол берүү — чыккынчылык. Өлкөнүн үлүшүнүн кемип жатканына үн катпаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу керек. Буга байланыштуу «Республика-Ата Журт» фракциясы чечим кабыл алды.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер «Мени ук» акциясына чыгышты. Бирок алардын талабын аткарууга бюджетте каражат жок деген жооп алышты.

Кыргыз киносунун казынасына дагы бир мыкты фильм кошулду. Эл аралык фестивалда баш байгени алган «Саякбай» тасмасы көрүүчүлөргө тартуулана баштады.