Жаңылыктар / 08.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

857

Парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш бергендер басымдуулук кылабы? Талапкерлерге ичи чыкпагандар көбөйүүдө. Мындай позициядагылар көп болуп кетсе кайрадан шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

Шайлоого жакын айрым аймактарда добуш берүүчүлөрдүн саны кескин көбөйүүдө. Жарандык активисттер болсо дарыгерлер менен мугалимдер үгүт иштерине мажбурланып жатканын айтып чыгышты. Жетекчилери четке кагууда.

Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданы бузулуп, жаңысы курулат. Ипподромду салууга кызыкдар болгон компанияларга тендер жарыяланды.
4 балалуу эне кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж. Жалгыз бой келин уулдарынын билим алуусуна шарт түзө албай кыйналууда.