Жаңылыктар / 08.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1231

Өлкөдөгү электр энергиясын бөлүштүргөн 4 ири компания бир мекемеге бириктирилет. Муну менен 1 миллиард сом үнөмдөлөт экен. Ал арада кышында өчүрүүлөр болобу деген суроо көп берилүүдө.

Чоң-Кемин өрөөнүндө чыккан өрттү өчүрүүгө 500дөй киши тартылды. Адистердин айтымында, кырсык адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан.

Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн мамлекет 602 миллион сом сарптай турган болууда. Ал эми талапкерлер үгүт иштери башталганда канчадан чыгарышы мүмкүн?

Өлкө боюнча 245 мектеп авариялык абалда. Айрым окуу жайлардын имаратынын курулушу болсо 10 жылдап токтоп турат.