Жаңылыктар / 25.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

781

Мыйзамсыз баюуга шектелген кезектеги аткаминер. Жол чарба департаментинин директору бир нече мүлктү туугандарына каттатып койгон деп шектелүүдө. Хансарайлардан тышкары борбордо эле 20 батири бар экен.

Бишкекте жаңы курулуп жаткан 12 жана 13 кабаттан турган 3 турак-жай түрттүрүлөт. Атайын кызматтын маалыматына караганда, курулуш тиешелүү ченемдерди бузуу менен жүргүзүлүп, инженердик тармактарга мыйзамсыз кошулган.

Адамдарды бычак такап коркутуп, сабап, тоноп жүргөн өспүрүмдөр. Бишкек шаарында көптөн бери колго түшпөй жүргөн кылмыштуу топ кармалды.

Эки миң доллардан 14 миң долларга чейин акчасын алдаткандар. Каражатты пирамида жолу менен көбөйтүп беребиз дегендер кармалып, бирок үй камагына коё берилген. Жабыркагандардын саны миңге чукул.