Жаңылыктар / 08.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1094

АКШнын Пенсильвания штатында полиция кыргызстандык айдоочуну атып салды. Америкадагы элчилик окуянын чоо-жайын сурап аталган штаттын полициясына кайрылды. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү аракеттери көрүлүүдө.

Бишкек шаарында уурулук күч алды. Түндө белгисиз адамдар токтоп турган бир нече унаанын айнектерин талкалап, баалуу буюмдарын көтөрүп кетсе, Көлмө конушунда чак түштө үй тонолду.

Жолго асфальт төшөөдөн тарта асмандагы айга чейин. Шайлоо жакындаган сайын коомчулукта «талапкерлер бул сапар эмнени убада кылышат» деген суроо көбөйө баштады. Үгүт иштерине 3 апталык убакыт калды.