Жаңылыктар / 08.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

864

Өлкөдө сойгонго мал жок калдыбы? Базарларга эт аз келе баштады. Мал экспорттоого тыюу салынганына карабай, эттин наркы түшкөн жок. Кийинки кадам кандай?

Темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу качан жанданат? Жүз миңдеген жаран авиакаттамдардын көбөйүшүн жана поезддердин рейске чыгышын күтүп жатат.

Кыргызстанда окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алгандар көбөйдү. Октябрда алардын саны 315ке жетсе, декабрда бул көрсөткүч 6,5 эсеге көбөйгөн. Мунун себеби эмнеде?

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 9 айлык тыныгуудан кийин 12-декабрда эшигин ачат. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата концерт-спектакль коюлат.