Жаңылыктар / 08.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1342

Депутаттар мөөнөтү бүтөрдүн алдында камактагы кесиптештерин бошотууга бел байлашты. Жээнбеков менен Зулпукаров эркиндикке чыксын деген чечим чыгарышты. Башкы прокуратуранын өтүнүчүн четке кагууда депутаттарда саясий эрк пайда болдубу же кептин төркүнү башкадабы?

Ишке кымбат унаа менен келип, хан сарайларда жашаган депутаттар, министрлер кагаз жүзүндө кедей болуп чыгышты. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылга карата тапшырылган декларацияларды жарыялады.

Энергетиктин айтканын ук, кылганын кылба! Чолпон-Ата райондук электр тармагынын жетекчиси үйүндө майнинг ферма ачып, электр жарыгын эбегейсиз көлөмдө колдонуп, криптовалюта өндүрүп жүргөнү аныкталды.

Коркпо. Токтот. Жаша! Бишкекте гендердик теңчилик маселесин көтөргөн дал ушундай аталыштагы көргөзмө өтүүдө. Ага 16 сүрөтчүнүн 32 эмгеги коюлду.