Жаңылыктар / 09.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

518

АЭБдин Бажы кодексин ратификациялоодо мөөнөттү туура эмес көрсөтүп, ката кетирген жетекчилер жазаланды. Айрымдары сөгүш алса, башкалары кызматынан айдалды.

Өкмөттө кайрадан кадрдык өзгөрүү. Вице-премьер-министрлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралууда. Тармактык комитет аны колдоду.

Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы жана башка аткаминерлер чет өлкөлөрдө болгон расмий иш-сапарларында калпак кийүүгө милдеттендирилет! Дал ушундай багыттагы мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленүүдө.

Аткаминердин жумуш ордунда мас абалында уктап жаткан видеосу тарады! Өзү болсо, бул — аны жаманатты кылуу аракети экенин айтууда.