Жаңылыктар / 09.01.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30

442

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков эл менен жолугушуу учурунда айтты.

Бизнес-омбудсмен деген ким? Ал кызматка ким дайындалышы мүмкүн? Февраль айынан тарта ишкерлердин акыйкатчысы иштей башташы күтүлүүдө.

Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча атайын штабдар күчөтүлгөн тартипте иштей башташты. Анда адистер ар бир үйдү кыдырып чыгышат.

Бишкектеги Ош базарынын тегерек четиндеги чаржайыт соода кылгандарды базардын ичине көчүрүү аракетине сатуучулар каршы болушууда.