Жаңылыктар​ / 09.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

689

Келгенинен да кеткени бат шаар мэрлери. Бүгүн эртең менен кызматка дайындалган Эрмек Нургазиев боюнча нааразычылыктар күчөдү. Анын мэрликке келиши президентке дагы жаккан жок.

Өлкөдө 15 балада Кавасаки синдрому тастыкталды. Дагы 20 бала бул аутоиммундук илдетке текшерилип жатат. Дарыгерлердин айтымында, жаш бейтаптарда постковиддик синдром болууда.

Сол чөнтөктөргө кеткен 2,5 миллионго сомго чукул каражат. УКМК Жогорку соттун Сот департаментинде дагы бир долбоордогу жемкорлукту аныктады.

Аткаминерлердин иш бөлмөгө өлкө башчынын сүрөтүн илуу адаты кайдан пайда болгон? Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге анын портретин илбөөнү сунуштады.