Жаңылыктар / 09.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1188

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы түздү делген финасылык пирамидадан башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эжеси жабыркаган. Ал 30 миң доллар чыгым тарткан.

Соттолгон жаранды башка түрмөгө которуп салам деп коркутуп, опузалап акча өндүргөн түрмө кызматкери. Пара алып жаткан жеринен колго түшкөн капитан камакка алынды.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ордуна түзүлгөн клиниканын жаңы жетекчиси документтерди өткөрүп ала албай жатат. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдагы бухгалтерди таппай жатканын айтууда.

Эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирден жардамчысы жана консультанты болот. Эл өкүлдөрү жабык эшик артында парламенттин аппаратынын түзүмүн бекитти.