Жаңылыктар​ / 09.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

958

Финполициясы жоюлгандан кийин ишсиз калган 400дөй адамдын маселесин чечүү үчүн комиссия түзүлдү. Ал мекеменин мүлкүн, тергеп жаткан жазык иштерин өткөрүп берүү менен да алектенет.
Пандемия маалында акча жасагандар. Мурдагы “Ганси” авиабазасынын аймагына обсервация салууда сол чөнтөккө кеткен акчалар ачыктала баштады.
Өлкөдө паспорт кризиси жаралды. Бул шалаакылыгы үчүн мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына сөгүш жарыяланса, орун басары креслосу менен кош айтышты.
Опера жана балет театрындагы чырды атайын комиссия иликтей турган болду. 3 күн мурда эл келгенден кийин сахнага чыкпай койгон артисттер коммерциялык долбоорлорго бекер иштегенин айтышууда.