Жаңылыктар / 09.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1071

Кумтөр боюнча кыргыз тарап менен канадалык “Центерра Голд” компаниясы бири-бирине болгон дооматтарды жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол койду. Министрлер кабинети жабык эшик артында парламентке маалымат берди.

Кыргызстанда доллар 100 сомдон ашты. Россияда эмгек мигранттарынын кирешеси азайды. Аналитиктердин божомолунда, өлкөгө акча которуу 33 пайызга кыскарат. Парламент кезектеги ирет Башкы прокуратуранын өтүнүчүн четке какты. Депутаттык комиссия “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербей турган болду.

Мектептерде сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салуу демилгесине айрым ата-энелер каршы. Алар эмнеден кооптонуп жатышат?