Жаңылыктар​ / 09.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

663

Көңүлкоштук жана шалаакылык. Башкы прокуратура 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду.

Апрель айынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга көтөрүлдү. Калган медиктердин айлыгы 3 айдан кийин 50 пайызга жогорулашы күтүлүүдө.

«Бишкекте жаз». Ала качуунун алдын алган интерактивдүү оюн иштелип чыкты. Анда кыздарга ала качууга дуушар болгон учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги үйрөтүлөт.

Күжүрмөн даярдыктагы куткаруучулар, тапшырманы аткарууга шашылган өрт өчүрүүчүлөр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 3 жылда бир кайталанчу аттестациядан өтүштү.