Жаңылыктар / 09.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1359

Президент Садыр Жапаров Анкарага алгачкы расмий иш сапары менен барды. Визиттин алкагында мамлекет башчы Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган менен жолукту.

Сүлүктүдөгү көмүр ишканасында шахта урап, 20 жаштагы жигит каза болду. Жаракат алган 36 жаштагы жаран ооруканага жаткырылды. Абалы орто деп бааланууда.

Баңгизат, таңгакталган доллар жана уруксат документи жок курал. Мунун баары Баткенде жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн жана унаасынан табылып, ал УКМК тарабынан колго түшүрүлдү.

Бишкекте шамалдын кесепетинен 4 адам жабыркап, 20 бак-дарак кулап, 2 машина талкаланган. Чүйдө табигый кырсыктын кесепетинен 3 мектеп чатырсыз калды. Учурда чыгымдар эсептелүүдө.