Жаңылыктар / 09.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

812

Дагы бир партия парламенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи саясий биримдикке утулуп калды.

Шайлоо документтерин бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана сатуу боюнча 22 кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура мыйзам бузгандар жазага тартыларын дагы бир жолу эскертти.

Кыргызстанда коронавирустун кесепетинен 16 кош бойлуу келин каза болду. Жалпысынан 536 боюнда бар аял COVID-19 вирусун жеңип чыккан.

Онлайн окуунун оорчулугу. Бир эле Баткен областында аралыктан билим ала албай жүргөн миңден ашуун окуучу уюлдук телефонго муктаж. Өлкө боюнча алардын саны канча?