Жаңылыктар / 09.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

681

Өлкөдө өрт кырсыктары көбөйдү. Кызыл-Кыянын борбордук базарында ири өрт чыгып, бир топ соода күркөлөрү күлгө айланса, Чоң-Кемин өрөөнүнүн коктуларын каптаган тилсиз жоо өчпөй жатат.

Бажы төлөмдөрү эскертүүсүз эле эки эсе көбөйтүлүп кеттиби? Дордойдун соодагерлери товар ташуу кымбаттаганын айтып нааразы болсо, бажычылар кырдаал өзгөрбөгөнүн айтып алакан жайышууда.

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын саны азая баштады. Саясий жарышка чейин канча партия калат?

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз, чертилбейт, кууго келбейт, чебер колсуз. Өлкөдө комуз күнү белгиленүүдө.