Жаңылыктар / 09.10.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30

564

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров акыркы сапарга узатылды. Аны менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында болуп өттү.

Шайлоодо адилеттүүлүктү камсыз кылат, деген мекеме кош стандарттуулук менен иштеп жатабы?

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынын өкүлү спортсмендер тарабынан сабалды. Алар жабырлануучу ур-токмокко алып, «Бабановдун штабы акча таратып жатат» деп жалган көрсөтмө алуу үчүн адамды кыйнашкан.

Коркпой, жүрөгүң менен тандоо жаса! Адистер, жарандардын кимге добуш бергени билинип калат, деген маалымат карандай калп экенин айтышууда.