Жаңылыктар / 09.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

344

Тартип сакчылары айыпка жыгылган айдоочуларды бата берип узатып калганбы? Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин унаа белекке бергенин четке кагууда.

Эл аралык сотто Кыргызстандын уран казуучу компанияга утулуп калуу коркунучу бар. Мындай чочулоосун өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилиги билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6 элчинин ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Япония, Гана, Испания, Молдова, Шри Ланка жана Бахрейн падышалыгынын дипломаттары.

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында автоматтык түрдө иштеген шлагбаум пайда болду. Эми эс алуучулар ал жакка кирүү үчүн кассага эмес, атайын терминал аркылуу акы төлөшөт.