Жаңылыктар / 09.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

855

Соттук реформа жасоо демилгеси бар, аракет жай. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз сотунун 95 жылдыгына арналган иш-чарада курч маселелерге токтолду.

Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгында жабыркаган адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Чойбеков өзү убактылуу кызматтан четтетилди.

Россиянын Оренбург областында жол кырсыгынан каза болгон 4 кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө жардам берилип, жабыркагандарга көмөк көрсөтүлөт. Каза тапкандардын тек-жайы аныкталды.

Кыргыз Улуттук филармониясы заманбап жабдыктар менен камсыз болду. Япония өкмөтү тарабынан 90 миң долларлык гранттык каражат берилди.