Жаңылыктар / 09.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

845

Жогорку Кеңеш 10-январда референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бирок айрым депутаттар муну менен макул болбой, жыйын кайым айтышуу менен коштолду.

Чүйдө жеке мектепте билим алган 22 окуучу ооруканага түштү. Алар тамактан ууланганы кабарланды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Өлкө боюнча бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды. Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушунда бир там өрттөнүп, 2 үй-бүлө көчөдө калды.

Кыргызстанда пландалган жаңжал чыгып, өзгөчө абал режими жарыяланды. Башкы штабдын Куралдуу күчтөрү, Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринин бул боюнча күжүрмөн даярдыгы кандай? Машыгуудагы кызыктуу учурлар.