Жаңылыктар / 10.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

580

2018-жыл — Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Президент кол койгон жарлыкта региондорду өнүктүрүүдө тиешелүү көңүл бурулбай жатканы белгиленген.

Кыргыздын тарыхый улуу инсандарынын аттарын тамеки, алкоголдук ичимдикке коюуга тыюу салынабы? Буга байланыштуу Президенттин аппаратында атайын комиссия түзүлдү.

Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу маселеси кайрадан парламентте көтөрүлөт! Бул сапар эл өкүлдөрү документти колдойбу?

Бишкектин айрым көчөлөрүндө акча, буюмдарды тоногон кылмыштуу топ пайда болду. Тартип сакчылары коопсуздук чараларын күчөтө турганын айтууда.