Жаңылыктар / 10.01.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

399

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго дагы бир айып тагылып, ал «оор жагдайларды жараткан коррупция» ишине шектелүүдө.

Ооган согушуна катышпай туруп, жалган документтер менен акча алгандардын саны көбөйүүдө. Алар боюнча атайын комиссиянын бүтүмүнөн кийин чечим кабыл алынат.

2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол коюлду.

Мындан кийин Көк-бөрү боюнча бардык расмий мелдештер тайказан менен гана өткөрүлөт. Эл аралык Көк-бөрү федерациясы бирдиктүү эрежелерди бекитти.