Жаңылыктар / 10.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

876

Казакстанда Кыргызстандын 33 жаштагы бир жараны каза болду. Алматыда иштеген фитнес-машыктыруучу жарадар карыяга жардам берип жатканда ок жеген.

Казакстанда кыйноого кабылган музыкант Викрам Рузахунов бошотулуп, Кыргызстанга жөнөтүлдү. Дагы бир жаран Баялы Төрөгелдиев сурак учурунда ур-токмокко алынганы айтылууда.

Чек ара өткөрүү пункттарында иштөө режими өзгөрүп, чектөөлөр киргизилди. Ак-Тилек постунда унаалардын кезеги башталды.

Казакстандагы окуялар Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратабы? Ундун баасы көтөрүлүшү мүмкүнбү?