Жаңылыктар / 10.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

732

2 жылда транспорт жана жолдор министринин экинчи орун басары пара менен кармалды. Буга чейин аткаминер ири суммадагы пара алса, бул жолу орун басары пара берип колго түштү. Эми министр отставкага кетеби?

Казакстандагы массалык башаламандыктан 11 киши каза болду. Жаңжалдан улам Кыргызстанга келгендердин айрымдары айылына кайтууда. Бирок басымдуу бөлүгү үйлөрүнө баруудан кооптонуп жатышат.

Жарылуулар менен коштолгон өрт кырсыктары. Унаа оңдоочу жайда кымбат баалуу 8 машина күйүп кетти. Мыйзамсыз бензин саткан жайда чыккан өрттөн май куюлган челектер жарылды.