Жаңылыктар​ / 10.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

699

Бишкек бир күн өтпөй кайрадан жаңы мэрлүү болду. Эртең менен кызматтан алынган Эрмек Нургазиевдин ордуна мурдагы губернатор Бактыбек Кудайбергенов келди. Баарынан кызыгы жаңы башчы 2 жылдан бери мэрия менен соттошуп жатыптыр.

Зыяратчылар берген акчаны жеке каржы уюмдарына үстөк пайызга насыяга берип, өз чөнтөгүнө пайда көргөн. Муфтияттын бухгалтери пара берүүгө шектелип кармалса, муфтий Максатбек Токтомушев отставкага кетти.

Мамлекеттик катчы, балдар омбудсмени жана министрлер кабинетинин төрагасы. Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, өлкөдө дагы кандай кызматтар пайда болот?

Суроо-талап бар, бирок товар жок. “Дордой” базарынын соодагерлери “Торугарт-Эркечтам” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташууну жандантууну өтүнүп кайрадан өкмөткө кайрылышты.