Жаңылыктар / 10.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1765

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Жогорку Кеңешке кайрылды.

Кезек Алмазбек Исманкуловдун көз ооруларын дарылоочу клиникасына жетти. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жеке медициналык жайдын ордуна коронавируска чалдыккандарды дарылай турган оорукана ачууну пландоодо.

19 балага киндик ата болгон фельдшер. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эрдик көрсөткөн капитан. Президент Садыр Жапаров 226 адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Ордо калаада айкелдер көбөйүп кетти. Бишкек башкы архитектура мекемеси шаардын борбордук бөлүгүнө эстелик орнотууну чектөөнү сунуштады.