Жаңылыктар​ / 10.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

991

30 жылдык дипломатиялык мамиле, соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Президент Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен бир топ тармак боюнча сүйлөшүштү.

Бул ирет ишке ашабы же дагы бир жетекчи кызматынан кол жууйбу? Жаңы муундагы биометрикалык паспорт 1-майдан тарта берилери убадаланды.

Сатып алынып, бирок 2 жылдан бери иштебей турган линиялык тездеткичтерди монтаждоо башталды. Ал ишке кирип калса, рак илдетине чалдыккандар нур терапиясын ала алышат.

Кароосуз калган этнокомплекс. Манас айылына жетекчи болуп дайындалган манасчы Дөөлөт Сыдыков эски курулуштарды орду түбү менен түрттүрүп салып, жаңы салууну сунуштады.