Жаңылыктар / 10.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

2377

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Буга коңшу өлкөнүн чек арачыларынын өз тилкесин кайтаруу багытын өзгөртүп жибергени себеп болду.

Доллардын кымбаттоосу уланып, тартыштыгы байкалууда. Ишкерлер товар сатып алууга АКШ акчасын таппай жатышат. Улуттук банк болсо, эсептик ченди 14 пайызга чейин көтөрдү. Банктарга кредитти доллар менен берүүгө тыюу салынды.

Кайра шайлоо кайра чыр менен коштолууда. БШК Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка аттанган Абдурахманхаджи Муртазалиевдин талапкерлигин жокко чыгарды. Ал Боршайком менен соттошмой болду.

Бишкектин Ала-Тоо конушундагы бала бакчанын жетекчиси беш жашар наристени сабаганы үчүн ата-энеси милицияга арыз жазды. Бул окуядан кийин өлкөдөгү бардык бала бакчалар текшерилмей болду.