Жаңылыктар / 10.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

522

Президент башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды. Сунушту тармактык комитет бир добуштан колдоду. Маселеге чекитти эртең парламент коет.

Өзбекстандык чек арачынын Кыргызстандын жаранын атып өлтүрүшү боюнча кылмыш иши козголду. Жарандык активисттер коңшу өлкөнүн президентинен окуяга күнөөлүү аскер кызматкерин жоопкерчиликке тартууну суранып кайрылуу жасашты.

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы кызматташтык дагы бекемделет. Сооронбай Жээнбековдун Анкарага болгон расмий сапары уланууда.

Орзубек Назаров Ички иштер министрлигинен 10 миллион сом өндүрүү үчүн соттошууда. Белгилүү спортчу кызынын автокырсыкка кабылышына милиционерлерди күнөөлөп келет.