Жаңылыктар / 10.04.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

713

Москвадан Бишкекке карай жол. Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов ушул ишемби күнү түштөн кийин Кыргызстанга учуп келет.

Токтоо мүнөзү, көрөгөчтүгү жана экономикалык мыкты долбоорлору. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун интервьюсуна коомчулуктун пикири.

Мурдагы сегиз аткаминердин башын бириктирген бир кылмыш иши. Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча соттук отурум уланды.

Эрезеге жетпей эмгекке тартылган бөбөктөр. Кара жумушка тартылгандардын көпчүлүгү — Ош областынын кичинекей тургундары болуп чыкты.