Жаңылыктар​ / 10.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1106

Садыр Жапаров май айынын аягында Москвага иш сапары менен барат. Кыргызстан менен Россиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек ара чырын талкуулашты.
Кыргызстандык 10 жарандын Тажикстанга барымтага алынып, кыйналышы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Учурда бул боюнча Стамбул протоколу толтурулууда.
“Кумтөр Голд” ишканасы Кыргызстанга 3 миллиард доллар айып төлөп береби же соттошобу? Октябрь райондук соту Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таап, штрафка жыкты.
Бишкекте эпидемиологиялык абал турукташпай жатат. Бир суткада дагы 195 адам коронавирус жугузуп алды. Калаа мэриясы айт намаз өткөрбөөнү сунуштады.