Жаңылыктар / 10.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30

1160

Бакиевдердин бийлиги маалында коррупциялык схемалардын башында турган делген Алексей Ширшов кармалды. Ал мамлекетке таандык коттедждерди мыйзамсыз түрдө менчикке чыгарган деп шектелүүдө. Энергетика тармагында түзгөн схема үчүн дагы жооп береби?

39 адамдын өмүрүн алган Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка учураган учакта кимдин жүгү болгон? Самолет эмне себептен кулаган? 5 жыл мурдагы каргашаны иликтей турган коомдук комиссиянын курамы аныктала элек.

Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилген бир жылдык иши текшерүүгө алынат. Президент Садыр Жапаров ал жакка эсептөө палатасынын аудиторлорун жиберди.

Кызгалдакка кызыккандардын айынан чыгымга учураган дыйкандар. Гүл өскөн талаага сүрөткө түшөм деп баргандар беде, буудай себилген аянттарды тебелеп, фермерлердин нааразычылыгын жаратты.