Жаңылыктар / 10.09.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

453

Бишкектеги ымыркай сатуу фактысы иликтене баштады. Үрөйдү учурган кылмыш өткөн жумада катталып, ага 2 дарыгер шектелүүдө.

Москвада 11 кыргызстандыкты унаа менен тебелетип кетти, деп шектелген кишиге карата кылмыш иши козголду. Ал буга бир тууганы үчүн барганы айтылууда.

Эртең Жогорку Кеңеште Евгений Гуревич боюнча Башкы прокуратура маалымат берет. Бакиевдердин мурдагы финансылык кеңешчиси кыргыз өкмөтү менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Бүгүнтөн тарта өлкөдө «Жаштар колдойт» деген ураан алдында 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталды. Анын жүрүшүндө миграция мыйзамдары, адам сатууга каршы туруу боюнча кеп-кеңештер берилет.